Кардар массажист аялды зордуктап, андан соң бычактап, соңунда тоноп кеткен

30 март 2019 15:33 14454 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Алмата шаарында массаж жасоочу аялды зордуктап, андан соң бычактап, кийин байлап салып тоноп кеткен кылмышкер кармалды. Бул тууралуу Алмата шаардык сотунун басма сөз кызматы кабарлады. 

Иштин материалдарында айтылгандай, өткөн жылдын сентябрь айында эркек киши массаж тейлөөсүн сунуштаган жарнаманы социалдык түйүндөн окуп, телефон чалып процедурга барган.

Аял массаж жасап берип, 10 миң теңге тейлөө акысын сурагандан кийин кардар ага күтүүсүз жерден зомбулук көрсөткөн.

 Андан соң курсагына бычак сайып, акча талап кылган, акча бербесин уккандан кийин аялдын колун байлап салып Ірһоnе 7 plus телефонун, 400 миң теңгесин жана LG смартфонунун тоноп кеткен.

Эркектин соту болуп аны катуу режимдеги абакка 5,6  жылга кесишти.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kardar-massazhist-ayaldy-zorduktap-andan-so-bychaktap-sounda-tonop-ketken



Добавить комментарий