Каратаев: Саламаттыкты сактоо тармагы медиктерге муктаж
Бөлүшүү:
Саламаттыкты сактоо тармагы медицина кызматкерлерине муктаж. Бул тууралуу брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары берген маалыматка танып “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, учурда Бишкектеги медицина кызматкерлеринин 30 пайызы ооруп жатат.
«Биз орто персоналга муктажбыз. Медиктерди бат эле даярдай албайбыз. Ошондой эле, 60 жаштан ашкан кызматкерлер жумушка тартылбайт. Тез жардам унааларын көбөйткөнүбүз менен адистер жетишпейт. Бул кызматта иштөөнүн дагы өзгөчөлүктөрү бар. Аны өздөштүрүүгө убакыт керек», — деди Мадамин Каратаев.
Ссылка: https://barometr.kg/karataev-salamattykty-saktoo-tarmagy-medikterge-muktazh
Добавить комментарий ×