Каратаев: "Коронавирустан болжол менен 160 миң адам айыкты"

13 август 2020 12:49 538 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ооруп жаткан адам башка адамды 0,5%га гана жуктуруу мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

“Азыркы учурда, лаборатордук түрдө тастыкталган коронавирус инфекциясынын азайгандыгы байкалууда. Ошол эле учурда, репродуктивдик сан деген бар. Бул бир адамдын канча адамга жуктурган санын көрсөтөт. Июль айындагы көрсөткүчтөрдү карап көрсөк, ооруп жаткан адам башка адамды 0,5%га гана жуктуруу мүмкүнчүлүгү бар экени белгиленди",- деди Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.

Оорулуунун абалы боюнча бөлүштүрүү:

13 177 адам же оорулуулардын 36,3 %ы - симптомдору билинбей ооруган адамдар. Ал эми, жеңил түрү менен 10 781 – 29,7%  адам ооруган. Бүгүнкү күнгө катталган учурлардын саны 41 069 адамды түздү. 

Эл арасында, бул  чыныгы статистикага туура келбейт деген маалыматтар бар. Эгерде биз, расмий маалыматтан сырткары, медициналык мекемеге кайрылбаган симптомдору билинбеген же жеңил түрү менен ооруган адамдарды ала турган болсок, болжол менен 160 миң адамдын тегеригенде оорулуулар айыгып чыкты десек болот”, - деп кошумчалады ал.


Ссылка: https://barometr.kg/karataev-bolzhol-menen-160-mi-adam-ajygyp-chykty



Добавить комментарий