Карантинден кийинки абал. Казакстанда төрөлүү рекорддук чекти көрсөтүүдө
Бөлүшүү:
Казакстанда балдардын төрөлүүсү бум болуп жатат. Наристелердин төрөлүүсү өткөн жылга салтыштырганда 8 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Ranking.kz.булагына таянуу менен “Барометр” билдирет.
“Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында эле 100,5 миң бала төрөлүп бул сан рекорддук көрсөткүчкө жетти. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу төрөлгөндөрдүн саны 8,4 пайызга жогорулады”,-деп айтылат маалыматта.
Өлкөдөгү беби-бум үчүнчү квартал катары менен болуп жатат.
2020-жылдын жыйынтыгы менен 425 миң кичинекей казакстандык төрөлгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/karantinden-kijinki-abal-kazakstanda-trl-rekordduk-chekti-krstd
Добавить комментарий ×