Караколдогу нашааны ундун арасына катып абакка киргизүүгө аракет кылышкан – сүрөт
Милиция Каракол шаарындагы абакка баӊги затын киргизүүгө аракеттенгендерди кармады. Бул тууралуу облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, милиция Каракол шаарындагы №23 абакка мекеменин өкүлдөрү менен биргеликте соттолгондорго баңгизатын алып киргенге аракет болору тууралуу ыкчам маалымат алышкан.
Милиция кызматкерлеринин айтымында, аларга Каракол шаарынын «Саке» аттуу тургуну абакта кармалгандарга баӊги затын өткөрүүгө даярданып жатат деген маалымат түшкөн. Аталган маалымат боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышты турмушка ашырууну көздөп жаткан адамдын ким экени аныкталып, кармалды.
“Укук коргоо органдарынын кабарлашынча Каракол шаарынын 26 жаштагы Ж.М. аттуу тургуну Каракол шаарындагы №23 СИЗОнун кабыл алуу бөлмөсүндө, абакта кармалгандын бирөөсүнө тамак-ашты өткөрүп жаткан учурда, ундун мүшөгүнүн ичине катылган 40 грамм нашаа табылып алынды”, — жеп айтылат маалыматта.
Кылмышка шектүү катары кармалып, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/karakoldogu-nashaany-undun-arasyna-katyp-abakka-kirgizg-araket-kylyshkan-srt
Добавить комментарий ×