Караколдо күйөөсү бензин чачып өрттөп жиберген аял, ага доосу жок экенин билдирди

7 февраль 2020 13:08 810 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Караколдо күйөөсү бензин чачып өрттөп жиберген аял, ага доосу жок экенин билдиргенин Ысык-Көл облустук милициясы билдирди.

Ага ылайык, аял тосмо арыз жазып берип, күйөөсүн кечирип, аны менен жарашканын айткан.

Облустук милиция бирок козголгон кылмыш иши кыскарбай турганын, шектүү киши камакта экенин билдирип, сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Каракол шаарында кафелердин биринин жанынан эркек киши аялына бензин чачып өрттөп жиберип, окуя болгон жерден качып кеткен.  Ооруканага алып келинген келиндин айтымында, күйөөсү мындай кадамга кызганычтан улам барган.

Дарыгерлер аялдын колу, бети күйүп калганын аныкташкан

Ссылка: https://barometr.kg/karakoldo-kjs-benzin-chachyp-rttp-zhibergen-ayal-aga-doosu-zhok-ekenin-bildirdi



Добавить комментарий