Караколдо күйөөсү аялына бензин чачып өрттөп жиберди

9 января 2020 14:04 23428 Расул Мурат
Поделиться в:
ok

Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов ушундай окуя болгонун ырастап, ал 4-январда болгонун билдирди.

Ага ылайык, 4-январда саат 16:20лар чамасында Каракол шаардык милиция бөлүмүнө Торгоев көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринин жанынан эркек киши аялга бензин чачып, өрттөп жибергени боюнча маалымат келген.

Окуя болгон жерге шаардык милициянын ыкчам-иликтөө тобу келген.

Иликтөөнүн алдын ала маалыматы боюнча Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын 33 жаштагы тургунун (аял киши) анын жарандык никеде жашаган 35 жаштагы күйөөсү (Ак-Суу районунун Маман айылынын тургуну) чырдан кийин бензин чачып өрттөп салган. Окуядан кийин ал изин жашырып кеткен.

Денеси күйгөн аял Ысык-Көл облустук биргелешкен ооруканасына жеткирилген.

Учурда тийиштүү бардык экспертизалар дайындалды.

Ыкчам тергөө аракеттери маалында шектүү киши кармалып, Каракол шаардык сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.

Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/karakoldo-erkek-kishi-choguu-zhashagan-ayalga-benzin-chachyp-rttp-zhiberdi



Добавить комментарий