Каракол суусунун деңгээли көтөрүлүп 27 үйдүн тургундары эвакуацияланды
Бөлүшүү:
Каракол дайрасынын деңгээли жогорулап мындан улам анын жээгине жакын жайгашкан 27 үйдун тургундары эвакуацияланды. Бул тууралуу бүгүн,31-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашканын “Барометр” билдирет.
Аталган маалыматка таянсак, дайранын жээгиндеги дарактарды суу алып кеткен, бир көпүрө авариялык абалга келди.
Суунун кооптуу участокторун бекемдө боюнча иштер жүрүп жатат. Жакын жайгашкан Каракол паркын суу каптап кетти. Караколдун жарандык коргоо кызматынын инженердик техникасы колдонууга даярдалууда.
Ссылка: https://barometr.kg/karakol-suusunun-degeeli-ktrlp-27-jdn-turgundary-evakuaciyalandy
Добавить комментарий ×