Жети-Өгүз району да селден жабыркады

30 июля 2021 14:33 1355 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көл областынын Тоң районунан тышкары Жети-Өгүз району дагы селден жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаганын “Барометр” маалымдайт.

Күбөлөр тартып жиберген кадрларга караганда райондун Көк-Жайык өрөөнүндө сел агымы унаа жолун жарактан чыгарган.

Эскерте кетсек, бүгүн саат 4.30да Ысык-Көл областында, Балыкчыда, Кескен-Бел ашуусунда, Тоң районунун Оттук, Кара-Талаа айылдарында нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел жүргөн.

Бишкек-Каракол  жана Балыкчи-Каракол трассасынын айрым бөлүктөрү сел каптап, унаалардын жүрүшүнө кыйынчылык жаратууда. Окуя болгон жерге ӨКМнын министри Бообек Ажикеев тез арада жөнөп кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/zheti-gz-rajonu-da-selden-zhabyrkady



Добавить комментарий