Кара-Суу базарынан 45 жаштагы жаранды кекиртекке сайып, өлтүрүүгө шектүү кармалды
Кылмыштын изи сууй электе Кара-Суу базарында адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалым болгондой, 11-март күнү болжол менен саат 17:28де Кара-Суу райондук милиция бөлүмүнө "Оомат" базарында белгисиз атуул денесинен миздүү нерседен жараат алып, аймактык ооруканага тез жардам кызматы аркылуу жеткирилип, бирок ооруканада өзүнө келбей каза болгондугу туралуу кабар келип түшкөн.
Бул факты боюнча топтолгон материал 2021-жылдын 11-март күнү Кыргыз Республикасынын ЖКнин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча Кара-Суу РИИБдин КЖБРне катталып, сотко чейинки иш ачылып, тергөө амалдары башталган.
"11-март күнү саат 17:00 чамаларында Кара-Суу шаарында орун алган "Оомат" базарынан Х.Тны өздүгү тактала элек белгисиз атуул, миздүү нерсе менен мойнунун сол тарабына сайып, кылмыш болгон жерден изин жашырып качып кеткен.
Натыйжада, Кара-Суу шаарынын тургуну 45 жаштагы Х.Т денесинен алган жаракатынан улам Кара-Суу райондук аймактык ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнө жеткирилип, бирок өзүнө келбей каза болгон.
Ыкчам-тергөө тобу тарабынан окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, Х.Тнын жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ал эми окуя болгон жерден табылган далил буюмдарга тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, кылмыштын изи сууй электе аталган кылмышка шектелип 47 жаштагы кошуна мамлекеттин жараны С, Ш аттуу жаран кармалган.Ал аталган базарда 7 жылдан бери маркум менен чогуу жүк жүктөп, араба түртүп иштеп жүргөн. Маркум да кошуна мамлекеттен көчүп келип 5 жыл мурда Кыргызстандын жарандыгын кабыл алган. Кылмышка шектүү учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Эки күн ичинде баш коргоо чарасы каралмакчы", - деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×