Кара-Сууда каналдан 16 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды
Бөлүшүү:
Кара-Суу районунун Нариман айылында каналдан 16 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.
Кыздын жансыз денеси 16-сентябрда саат 16: 20да табылган.
Окуя болгон жерге куткаруучулар келип, кыздын сөөгүн суудан алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Учурда өлүмдүн себеби такталууда.
Ссылка: https://barometr.kg/kara-suuda-kanaldan-16-zhashtagy-kyzdyn-zhansyz-denesi-tabyldy
Добавить комментарий ×