Кара-Сууда 17 жашар баланы тоноого шектүү 4 жаран кармалды

11 февраль 2021 15:49 402 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кара-Сууда 17 жашар баланы тоноого шектүү 4 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, милицияга Кара-Суу районунун 37 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, белгисиз төрт бала уулунун уюлдук телефонун коркутуп тартып алганын айткан.

“Анын уулу 17 жашар У.уулу Б. Ош облусттук ооруканасынын жанынан таксиге чыгып жолдо бара жаткан учурда таксинин ичинде тѳрт бейтааныш адамдар баласын күч колдонуу менен коркутуп, анын “Редми 9” үлгүсүндѳгү кол телефонун тартып алышып,  Кара-Суу районунун Мады айылына жетпеген аралыкта машинадан түшүрүп кетишкенин билдирген.

Арыз, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 201-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунун негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жазык ишинин алкагында кылмышка шектүү катары 2021-жылдын 11-февралында саат 04:35 чамасында Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн тургундары 22 жаштагы К. уулу Н., 21 жаштагы Б. уулу Р., 21 жаштагы К. Б., 21 жаштагы А. уулу М.  кармалышып, Кара-Суу РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жазык ишинин алкагында Ү. С. Ж.га таандык “Мерседес-Бенц 200” үлгүсүндѳгү автоунаасы буюм далил катары табылып, айып короосуна коюлду”. – деп айтылат маалыматта.

Аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/kara-suuda-17-zhashar-balany-korkutup-telefonun-tartyp-alagan-4-zharan-karmaldy



Добавить комментарий