Кара-Сууда 13 жаштагы кыз асынып алды

3 июнь 2019 14:10 1707 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош областынын Кара-Суу районунун Сура-Таш айылында 13 жаштагы А.Н. аттуу кыз асынып алганын аймактык Ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Кызды үйдүн короосунун бастырмасынан табышкан. Ал моюн орогучуна асынып алган. Окуя болгон жерге барган оперативдүү тергөө тобунун кызматкерлери денесинен уруп сабоонун издерин тапкан эмес.

Ата-энеси соттук-медициналык экспертиза иштерине берүүдөн баш тарткан.

Мекемеден кабарлангандай болжолдуу маалыматтарга караганда мектептеги достору жана жакындары тарабынан кызга карата душмандык мамилелер аныкталган жок.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kara-suuda-13-zhashtagy-kyz-asynyp-aldy



Добавить комментарий