Кара-Суу районунда 27 жаштагы унаа уурдаган жаран кармалды

27 октябрь 2022 17:39 1927 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кара-Суу районунда 27 жаштагы унаа уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалымат кызматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалыматта, Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын тургуну 36 жаштагы И.Ю., арыз менен кайрылган.

“Анда 2022-жылдын 14-августунан 18-августуна чейинки аралыкта Шарк айыл аймагында И.Ю., таандык болгон “Мерседес Бенц- 211” үлгүсүндөгү унаасын белгисиз атуулдар тарабынан  уурдап кеткендигин билдирген.

Аталган факты Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин  211-берененин (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) негизинде  кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

2022-жылдын 24-октябрь күнү Кара-Суу РИИБдин Шарк Аймактык милиция бөлүмчөчүнүн аймактык тескөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Ош шаарынын тургуну 27 жаштагы С.А., аттуу жаран кармалган.  Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү С.А., 2022-жылдын 17-августунан 18-августуна караган түнү жабырлануучуга таандык болгон “Мерседес Бенц 211” үлгүсүндөгү унаасын укукка жат түрдө айдап качкандыгы аныкталып, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө”, -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/kara-suu-rajonunda-27-zhashtagy-unaa-uurdagan-zharan-karmaldy



Добавить комментарий