Кара-Кулжада Асылбек Жээнбековду колдогон тынчтык маршы өтүп жатат

7 июнь 2021 14:04 3171 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok


Ош облусунун Кара-Кулжа районунда бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеңештин депутаты, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы камакка алынган Асылбек Жээнбековду колдоо максатында тынч жүрүш өтүп жатат. Бул тууралуу депутаттын тарапташы Баястан Ноябидиновдун маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Экс-спикердин мекендештери жана тарапташтары саясий куугунтуктоолорду токтотууну жана Асылбек Жээнбековдун бошотулушун талап кылышууда.

Уюштуруучулардын айтымында, тынчтык жүрүшүнүн маршруту Биймырза айылынан облустун борборуна чейин. Акцияга 200гө жакын адам катышууда.

Эскерте кетсек, Асылбек Жээнбеков 31-майда коррупция берегеси менен шектелмп кармалган. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал УКМКнын СИЗОсуна эки айга камалган.

Анын адвокаты Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылды.

Ссылка: https://barometr.kg/kara-kulzha-rajonunda-asylbek-zheenbekovdu-koldogon-tynchtyk-marshy-tp-zhatat



Добавить комментарий