Кара-Көлдө мал уурулукка шектүү топ кармалды

28 сентябрь 2020 15:59 541 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кара-Көлдө майда мүйүздүү мал жандыгын уурдаган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

 23-24-сентябрь күндөрү Кара-Кѳл шаардык ички иштер бөлүмүнө шаар тургундары К.З., К.А., А.К., М.Г. аттуу жарандар арыз менен кайрылышкан. Алардын айтуусунда 14-сентябрдан 22-сентябрга чейинки аралыкта түнкү убакыттарда үйлөрүнүн короолорунан белгисиз кылмышкерлер майда мүйүздүү мал жандыгын (эчкилерди) уурдап кетишкен.. Жалпы 20 эчки уурдалып, келтирилген чыгым 150 миң сомго жакын сумманы түзгөн.

Жогорудагы фактылар Кара-Көл ШИИБдин КЖБРне КРнын жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

"Аталган кылмыштардын бетин ачуу максатында Кара-Көл ШИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 25-сентябрда Кара-Көл шаарынын тургундары 1997-ж.т. Т.М., 2001-ж.т. А.Б., 2004-ж.т. Ж.Н. жана А.З. кармалды. Кылмыштуу топтун уюштуруучусу катары А.Б. 1 айга камакка алынса, ал эми калгандары үй камагына чыгарылды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө", -деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/kara-kld-mal-uurulukka-shekt-top-karmaldy



Добавить комментарий