Кара-Көлдө 1,5 тонна кара куурай жок кылынды (Сүрөт)

13 август 2020 09:50 500 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кара-Көл шаарынын аймагында 1,5 тонна кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

"Кара-Көл ШИИБи тарабынан 3-августтан  9-августка чейинки аралыкта, Кара-Көл шаарынын аймагында “Кара-Куурай” аталышындагы ыкчам иликтөө жана алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө 1 (бир) гектарга жакын аянтта өскөн жапайы кара куурайлар орулуп, өрттөлүп жок кылынды", -деп айтылат маалыматта.

Аталган иш-чараны өткөрүүгө коомчулук менен биргеликте жалпысынан 35 адам тартылып, аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча тиешелүү актылар түзүлдү.

Кара куурайды оруп жок кылууга катышып жаткан жергиликтүү айыл тургундары мындан кийин да ушул сыяктуу иштерге активдүү катышарын билдиришип, жаштарды баңгизаттан, спирт ичимдиктеринен алыс болуп, сергек жашоого үндөп кетишти.

Ссылка: https://barometr.kg/kara-kl-miliciyasy-tarabynan-15-tonna-kara-kuuraj-zhok-kylyndy-srt



Добавить комментарий