Кара-Кечеден көмүр уурдагандар 700 миң сомду кайтарышты
Кара-Кечени басып алуу аракеттери болгон күнү, көмүр кесиминен 25 оор жүк ташуучу автоунаа менен мыйзамсыз көмүр чыгарылып кеткен. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" МИнын маалымат катчысы Жийде Зоотпекованын маалыматына таянып "Барометр" билдирет.
Иликтөөнүн жыйынтыгында 21 автоунаанын өздүгү аныкталды.
Ошол маалда “Кыргызкөмүр” 1 миллион сомго жакын чыгымга учурап, жыйынтыгында 700 миң сому кайтарылды. Айдоочулар “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын кассасына келип төлөп кетишти.
Эске сала кетсек, кылмыш иши болгон күнү Канатбек Ашырбаев тарабынан Нарын облустук ИИБинин жетекчиси Улан Алиевдин атына арыз менен кайрылуу болгон. Ар бир тергөө иштери “Кыргызкөмүр” МИнын мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусу менен жүрүп турду.
Азыркы учурда бети ачыла элек, бир нече гана иштер калды. Нарын облустук ИИБинин билдиргенине караганда алар соттук кароого жөнөтүлдү.
Учурдан пайдаланып, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси жана ушул жерде криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн бөлүм башчысы Акжол Шамшиевге натыйжалуу иш алып баргандыгы үчүн “Кыргызкөмүр” МИнын жетекчиси жана жалпы жамааты терең ыраазычылык билдирет.
Ссылка: https://barometr.kg/kara-kecheden-kmr-uurdagan-uurular-akchany-tlsht
Добавить комментарий ×