Кара-Кечеде көмүр ташыган КамАЗдарга кыпчылып калган тургун каза болду
Нарындын Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенинде 30 жаштагы тургун эки КамАЗ унаасынын ортосуна кыпчылып каза болду.
Бул тууралуу облустук милиция кабарлады. Кечээ саат 17лерде “Кыргызкөмүрдүн” филиалынын кароолчусу Жумгал райондук милицияга чалып, окуя боюнча билдирген.
Түгөл-Сай айылынын тургуну 1990-жылы туулган А.у.Б. көмүр кендин тосмосуна жакын жерде кыймылда жанаша бараткан эки КамАЗга жол көрсөтөм деп ортото кыпчылып калган. Асманга сапырылган көмүр чаңында жол көрүнбөй калган.
Жерине милиция келип, А.у.Б. чыгарып, ооруканага алып жөнөшкөн. Бирок ал ооруканага жетпей каза болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Маркумдун өздүгү аныкталып, сөөгү Жумгал райондук аймактык ооруканасынын өлүкканасына алынып келинген. Туугандары арыз-дооматтары жоктугун айтып, сөөктү экспертизага берүүдөн баш тартышкан. Ал эми кырсыкка катышкан унаалар Жумгал РИИБдин айып короосуна токтотулду.
Маркум А.у.Б. үй-бүлөлүү болгон. Артында жубайы жана 3 баласы калды.
Ссылка: https://barometr.kg/kara-kechede-kmr-tashygan-kamazdarga-kypchylyp-kalgan-turgun-kaza-boldu
Добавить комментарий ×