Кара-Кече: Тоодон дагы да таштар кулап жатат. Жаңы салынып жаткан жол 15 күндө бүтөт
Кара-Кечеде 18 ишкана тынбай иштеп жатат. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" МИнын маалымат-катчысы Жийде Зоотбекованын маалыматына таянып "Барометр" билдирет.
Кара-Кечеде көчкөн тоонун үстүнөн таш дагы эле түшүп жатат, ал жерге айланма жол салууга кеминде 10-15 күн талап кылынат. Жол куруу иштери күнү-түнү жүрмөй болду. Туурасы 6-8 метрлик жаңы жолдун тоонун боору менен өткөн аралыгы 3,2 чакырым болору белгилүү болду.
Учурда 18 ишкана тынбай иш алып барып жатышканы маалым болду.
"Кабак көмүр бассейнде 20 ишкана бар. Алардын 18и тынбай иш алып барышууда, жол ачылса эки ишкана да өз иштерин башташат. Алар Демилге жана Кара-Кече филиалы иштеткен Борбордук кесими. Калган ишканалар ЖЭБ менен калкты көмүр менен камсыздап, штаттык режимде иштей беришет. Кара-Кечеде 30 дай машина бар, аларга көмүр жүктөлүп, Соң-Көл жак менен кете башташат. Кесек көмүрдү 20 ишканасынын ичинен элдин керектөөсүнө Шарбон, Ак-Жол, Берекет, Бузурманкул ишканалары берип турушат", -деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, 14-сентябрда Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда тоо көчкүп, көмүр кенине баруучу стратегиялык жол жабылып калган.
Ссылка: https://barometr.kg/kara-kechede-18-ishkana-tynbaj-ishtep-zhatat
Добавить комментарий ×