Бишкекте 21-23-июнь күндөрү айрым көчөлөр мал-маалы менен жабылат
Бишкек жана Чүйдө 21-23-июнь күндөрү айрым көчөлөргө мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Бул тууралуу ЖКККББдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Жолдор Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер расмий сапар менен келгендиктен жабылат.
Чектөө кире турган жолдор:
"Манас" эл аралык аэропортунун жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;
Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен Жибек Жолу проспектисине чейин;
Жибек Жолу проспектисинин Фучик көчөсүнөн тартып чыгышты карай Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү;
Жаш Гвардия бульварынан түштүктү карай Жибек Жолу проспектисинен тартып Чүй көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Чүй көчөсүнүн Жаш Гвардия бульварынан тартып чыгышты карай Манас проспектисине чейинки бөлүгү;
Манас жана Ч.Айтматов проспектилеринен түштүктү карай "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынан тартып "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейин;
Бишкек шаарынан чыгып, Бишкек — Нарын — Торугарт айланма жолу аркылуу Токмок шаарына чейин.
Бул мамлекеттик маанидеги иш-чара болгондуктан жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине автоунаа токтотууга болбойт. Оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпай турганы оң. ЖКККББ айдоочуларды инспекторлордун талаптарына баш ийип эрежелерди сактоого чакырды.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-zhana-chjd-21-23-iyun-kndr-ajrym-kchlr-mal-maaly-menen-zhabylat
Добавить комментарий ×