Ишкерден 170 тонна көмүр алып, акчасын бербей жүргөн жарандар кармалды
Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кара-Кече көмүр кенинен жарандын ишеничине кирип, 170 тонна көмүр алып, акчасын кийин берем деген бойдон бербей жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
2021-жылдын январь айында милицияга Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, олуттуу материалдык чыгымга алып келген мыйзамсыз иш-аракеттер фактысы боюнча чара көрүүнү суранган.
“2018-жылдын ноябрь айында бейтааныш жарандар Жумгал районуна караштуу Кара-Кече аймагында жайгашкан көмүр кенинен 170 тонна көмүр алышып, акчасын алып келип беребиз деп ушул күнгө чейин беришкен эмес. Анын натыйжасында бир нече жүз миң сомдук зыян келтирилген.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш боюнча шектүү катары Ак-Талаа районунун тургуну 1978-жылы туулган М.С. жана мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМде каттоодо турган Бишкек шаарынын тургуну 1981-жылы туулган Ч.Р. кармалып, Нарын ОИИБын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди”, - деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×