Кара-Балтада үлпөт той учурунда асманга ок аткан жигит кармалды (видео)

26 сентябрь 2020 11:18 1064 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Соцтармакта жаш жигит өзүнүн үлпөт тоюу учуруда асманга тапанчадан ок чыгарган видеосу таркаган. Коомдук жайда ээнбаштык кылган жигит табылып, ага карата кылмыш иши козголду.  Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.

Чүй облустук милициясы коомдук жайда ок атуучу курал колдонгон видео материал боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштады.

“2020-жылдын 25-сентябрында соцтармакка үлпөт той учурунда асманга ок аткан жигиттин видеосу таркаган. Бул факт боюнча  (Ок атуучу куралды калктуу аймакта колдонгон) берене менен кылмыш иши козголду.  Аталган видео ушул жылдын 19-сентябрында Кара-Балта шаарында жайгашкан сейил бактардын биринде тартылган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери кишинин ким экендигин аныктады. Ал Панфилов районунун 29 жаштагы Ч.М. аттуу тургун болуп чыккты. Учурда, бул факт боюнча иштин бардык жагдайлары такталып, бардык зарыл болгон тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки процесстер уланууда”, -деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 25-сентябрда соцтармакка үйлөнүү тоюу болуп жатканда асманга тапанчадан ок чыгарган жигиттин видеосу желдей таркаган.

Ссылка: https://barometr.kg/kara-baltada-lpt-toj-uchurunda-asmanga-ok-atkan-zhigit-karmaldy-video



Добавить комментарий