Кара-Балтада ишкерди башка атып, өлтүрүп кетишти

2 декабрь 2022 12:01 747 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кара-Балдтада жаранды башка атып, өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, 1-декабрда саат 07:48 чамасында милицияга Кара-Балта шаарынын Западный кварталында белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы жѳнүндѳ маалымат түшкөн.

“Милиция жерине барып, гаражда 1973-жылы туулган жарандын баш жагына ок атылып, өлгөн жансыз денеси табылган. Аталган факты Жайыл РИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Азыркы учурда иш боюнча бардык керектүү экспертизалар дайындалып, кылмыштын бетин ачуу максатында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүдө. Учурда тергөө амалдары улантылууда”, -деп айтылат маалыматта.

Соцтармакта каза болгон жаран зер боюумдарын жасап иштеген ишкер экени айтылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/kara-baltada-ishkerdi-bashka-atyp-ltrp-ketishti



Добавить комментарий