Кара-Балтада 24 жаштагы жигитти эки таанышы сабап өлтүрдү
Кара-Балта шаарында 24 жаштагы жигит ур-токмоктон каза тапты.Бул тууралуу Чүй облусттук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Окуя 12-октябрда болгон. Ал күнү ооруканага ур-токмокко алынган жигит жаткырылган, 19-октябрда ал комага түшүп, ошол бойдон эсине келбей каза тапкан.
Бул факты Кылмыштардын жана жосундардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 138-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча катталган.
Тергөөнүн версиясына таянсак, жигитти тааныштары сабашкан. Шектүү 24 жаштагы А.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды, дагы бир шектүү 31 жаштагы Т.В изделүүдө.
Тергөө жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/kara-baltada-24-zhashtagy-zhigitti-eki-taanyshy-sabap-ltrd
Добавить комментарий ×