Кар көчкүнүн астында калып каза болгон Бельгиялык турист башка жолго түшүп кеткен
Кар көчкүнүн астында калып каза болгон Белгиялык турист лыжа тепчү жол аркылуу эмес, башка жакка бурулуп кеткен. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдады.
Белгилүү болгондой, 13-февраль күнү 1981-жылкы Дрис Кукенс жана 1987-жылкы Кларк Кукенс аттуу туристтер эс алууга Кара-Кол шаарына келип, лыжа тебүү үчүн 16-февралда Боз-Учак капчыгайына кетишкен. Кечээ, 19-февраль күнү кечки саат 16:00 чамаларында гид, жана Кукенстер болуп тоонун башынан лыжа тебишет. Гид жана Дрис Кукенс биринчилерден болуп лыжа тээп түшүп, алардын артынан Кларк Кукенс түшмөк. Бирок Кларк Кукенс белгисиз себептерден атайын түзүлгөн маршруттан чыгып кетип, башка тарапка жүрүп кеткен. Ал жактан Кларк Кукенсти кар көчкү басып калган.
GPS интернет аркылуу Кларк Кукенстин жаткан жерин табышып, кардын астынан муздак денесин алып чыгышкан. Андан сон Каракол шаарындагы ооруканага жеткирилген.
Жогорудагы аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Ссылка: https://barometr.kg/kar-kchknn-astynda-kalyp-kaza-bolgon-belgiyalyk-turist-bashka-zholgo-tshp-ketken
Добавить комментарий ×