Кантта 14 жаштагы бала 13 жаштагы кызды күч колдонуп зордуктап, качып кетти

13 июнь 2019 13:35 6861 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кантта 14 жаштагы А.А. 13 жаштагы А.Ж.ны зордуктап кеткен. Бул тууралуу 13-июнда Чүй областтык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.    

Учурда шектүү бала изделүүдө. Милиция берген маалыматка таянсак, 27-майда Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө 50 жаштагы адам кайрылып анын 13 жаштагы тууганын күч колдонуп зордуктап кеткен 14 жаштагы өспүрүмгө чара колдонууну өтүнгөн.  

3-июнда ушул эле ички иштер бөлүмүнө 42 жаштагы А.Г., кайрылып анын уулу 2-июнда 06:30да кат жазып үйүнөн чыгып кеткен боюнча келбегенин маалымдаган.

Экспертизанын жыйынтыгы боюнча А.Ж.нын кыз белгиси бузулган.

Учурда жоголгон өспүрүм изделип жатат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kantta-14-zhashtagy-bala-13-zhashtagy-kyzdy-kch-koldonup-zorduktap-kachyp-ketti



Добавить комментарий