Кантип ийгиликтүү адам болуу керек?

16 июнь 2022 09:15 6609 Barometr
Бөлүшүү:
ok

100 жыл мурда жашоо башкача болчу. Мисалы, эркектер идея үчүн өзүнүн өмүрүн берүүгө даяр болсо, аялдар бала төрөп аларды тарбиялоосу маанилүү эле. Бир кылым мурда жашаган ийгиликтүү адамдын дүйнө таанымы дагы башкача болгону талашсыз. Баары өзгөрүүдө ийгиликтин категориялары өзгөрүп жатат. Бүгүнкү күндө ийгиликтүү адам деп кандай адамды айтса болот? Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

-Ийгиликтүү адам алдына чоң максаттарды коюп аны ишке ашырат.

- Айлана-чөйрөсүндөгүлөрдүн пикиринен көз каранды эмес.Ийгиликке жетишкен адамдар тааныштарынын же тааныш эмес адамдарынын ар бир айтылган сөздөрүнө көңүл бура бергенде бүгүнкү күндө темир жол, электр жарыгы, суу алдында жүрчү кайыктар менен космостук аппараттар жасалмак эмес.

 -Өз ишине чындап эле берилүү. Жасап жаткан ишке берилбеген адам жыйынтыгын көрө албайт. Мисалы атактуу америкалык миллиардер Джон Рокфеллер оюнчуктардын ордуна акчаны жана анын жытын жакшы көргөн. Кийин чоңойгон кезде башкалар мода кийимдерин чыгарып же башкасы жазуучу болуп жаткан учурда Джон Рокфеллер акча жасаган.

-Өзүнө карата болгон ишеним. Өзүнө бекем ишенген адамдар ийгиликтүү болууга көбүрөөк шансы бар. Михаил Ломоносов кедей болсо да Москвага окууга келип  кийин мыкты илимий ачылыштарды жасаганын баары билет.

 -Туруктуулук керек. Максатка бара турган жолдо канчалык кыйынчылыктар чыкпасын алдыга умтулуп ага жеткенче тандап алган жолунан кайтпа дагы ийгиликтүү адамдын белгиси.

Ссылка: https://barometr.kg/kantip-ijgilikt-adam-boluu-kerek



Добавить комментарий