Кандай жигитке ойлонбостон турмушка чыгыш керек?

30 январь 2019 10:32 10195 Barometr
Бөлүшүү:
ok

1. Ал сиздин ийгиликтериңиз менен жеңишиңизге сизден ашыкча кубанып, достору менен, тууган-туушкандары менен бөлүшөт. Ал сиздин энеңизден кийинки күйөрманыңыз.

2. Ал сиз үчүн баарын берүүгө даяр. Болгону ал ата-энесине байланыштуу болбош керек.

3. Жашоодогу багыттарыңыз орток. Мисалы, жеке кызыгуучулугу болуш керек, бала тарбиясы ата-энеге бирдей тиешелүү, жыл сайын бир жолу жакшылап дем алыш өткөрүү керек деген сыяктуу ойлоруңуз бар. Көз караштарыңыз, ички сырларыңыз менен көп бөлүшкөндүктөн, бири-бириңиз тууралуу бардыгын билесиз.

4. Бирге жүргөндөрүңүзгө көп болсо да, ал мурункудай «чыныгы жигиттик» мүнөзүн сактап, сыйлап турат. Эшик ачып, керек болсо сырткы кийимиңизди кийүүгө жардам берип. Сумкаңыз оор болсо, көтөрөт.

5. Ал сизди өзгөртүүгө аракет кылбайт.

6. Келечектеги жашооңузду ал жигит менен элестеткенде той күнүнүн кандай өтөөрүн эмес, бирге өмүр сүрүүнүн бакыт экенин көбүрөөк ойлойсуз.

7. Бири-бириңизден узак убакыт алыс жүргөн учурлар болуп турат. Бул кыйын болсо да, сиздер аны өткөрө билиңиздер.

8. Сиз аны көрүү үчүн сабактын же жумуш күнүнүн тез бүтүүсүн күтөсүз.

9. Ал – кубанычыңызды да, кайгыңызды да биринчи болуп бөлүшө турган жан.

10. Сиз анын жанында эч уялбастан көз жашыңызды төгүп ыйлай бересиз. Себеби ал кайсы учурда муңайып турганыңызды, кайсы кезде мелодрамма фильмге ыйлаганыңызды ажырата алат.



Ссылка: https://barometr.kg/kandaj-zhigitke-ojlonboston-turmushka-chygysh-kerek



Добавить комментарий