Канадада "өлдү" деп туугандары көмгөндөн кийин тирилип кайра келди
Канадада "өлдү" деп туугандары көмүп койгон адам бир айдан кийин үйүнө кайтып келди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды. Мындай тан калыштуу окуя кандайча болуп кеткендигин жергиликтүү полиция мындай деп түшүндүрдү. Дайынсыз жоголуп кеткен тууганын издеп жатышканда полициядан телефон чалып: -Издеп жаткан адам табылды. Келип сөөктү тааныгыла. Жанында паспорту же башка документтери жок экен"-деп кабарлашат. Туугандары каза болгон жансыз денени "ооба ушул болчу"-деп алып кетишет дагы, ырымын түздөп жерге көмүшөт. Андан кийин көмгөн адамы бир айдан кийин эшикти тыкылдатып кирип келет.
Жергиликтүү полиция бул боюнча туугандары сөөктү таанууда адашып калышы мүмкүн дейт. Ал жансыз дене Канададагы белгилүү музыкант Скот Кашнинин денеси болушу мумкүн Анткени жоголгон Торонтолук музыкантты август айынан бери издеп таппай келишет. Бирок, чыныгы дене кимдики экендиги экспертизадан кийин толук айтылбаса, азырынча белгисиз.
Ал эми денени эксгумация кылууга буйрук чыкты деп билдирди полиция.
Ссылка: https://barometr.kg/kanadada-ld-dep-tuugandary-kmgndn-kijin-tirilip-kajra-keldi
Добавить комментарий ×