Канаданын тарыхында эң жогорку ысык катталды
Бөлүшүү:
Канаданын тарыхында эң жогорку температурадагы ысык катталды. Өлкөнүн батышын жана АКШнын түндүк-батышын катуу ысык каптады.
ВВС булагы кабарлагандай, Британиялык Колумбияда жекшемби күнү ысык 46,6 градус болуп, 84 жылда алгач ирет рекорддук чекке жетти.
АКШ менен Канаданын бийлиги жарандарга эмдиги жекшембиге чейин созула турган кооптуу ысык аба ырайынан коргонууну эскертүүдө.
Эксперттер мындай ысык климаттын өзгөрүшүнөн улам болуп жатканын ырасташууда.
Ссылка: https://barometr.kg/kanadanyn-taryhynda-e-zhogorku-ysyk-kattaldy
Добавить комментарий ×