Камчыбек Ташиев ӨКМ башчысын ишин аткара албай жатканы үчүн отставкага кетүүсүн талап кылды

7 май 2020 11:26 3214 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Экс-депутат, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев учурдагы ӨКМ башчысы милдетин так аткара албай жатканын, анан калса министрликтин ишин билбей турганын айтып чыкты. Ал министрдин 6-майда Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөгөн сөзүнө капа болгонун да белгиледи.

"Урматтуу министр! Сиздин кечээги ЖК отурумундагы сүйлөгөн сөзүңүздү угуп, мен мурунку ӨКМ башчысы катары өтөт капа болдум жана министрликтин жумушун аткара албай жатканыңызга өкүндүм. Себеби, сиздин туура чечим кабыл алганыңыз жана жеке өзүңүздүн жаныңызды аябастан тобокелге салып жасаган аракетиңизден адамдардын өмүрү жана коопсуздугу сакталат", - деди Ташиев.

Ал ошондой эле министрдин Жогорку Кеңештин жыйынында "Лейлекке барбай калдым" деп жатканын жоопкерчиликсиздин жана кайдыгерлик деп баалады.

"Лейлекте сел 1-майда болду, ушул убакыт аралыгында 6-майга чейин Бишкекке 2 жолу келип кетсеңиз болмок. Анан да билбесеңиз айтып коеюн, эгерде мамлекетибиздин кайсы бир жеринде өзгөчө кырдаал түзүлүп калса жана ошол убакта сизди президент, премьер-министр же ЖК чакырып калса, анда аларга барбастан туруп биринчи кезекте жабыр тарткан элге барууга милдеттүүсүз. Өзгөчө кырдаал болгон жерден туруп президентке жана премьерге түзүлгөн абал жөнүндө кыскача маалымат берип, жеринде чара көрүүлөрдү уюштурууга милдеттүүсүз. Бардык түзүлгөн абалга орун басарыңыз эмес, министр түз жоопкерчиликти өз мойнуна алышы керек", - деди Ташиев.

Ал мисал катары болуп өткөн окуяга дагы токтолду.

"Бир окуяга кайрылып кетейин. 2008-жылы 6-октябрда Алай районунун Нура айылында кучу 6,8 баллга жеткен жер титиреди. Түңкү саат 2лерде маалыматты алдык, бирок кыйроолордун мынчалык чоң масштабда экенин биле элекбиз. Эрте менен саат 7-30да 20 куткаруучуну салып алып мен вертолёт менен учуп кеттим. Нура айылына жеткенимде президентке байланышка чыктым, менде спутник байланыш аппаратым жанымда эле, анан эле уруша баштады. "тез жөнөгүлө, жардамды уюштургула деп" а мен айттым «мен ушул жердемин, жумушту баштадык деп». Президент дагы урушту "сен каякта жүрөсүң, мен Нура жөнүндө айтып жатам деп». Мен дагын айттым "урматтуу президент мен Нурадамын" десем, "сен кантип барып калдын" деп өтө таң калды. Анан ошондо президент айтты эмне кылыш керек деп, мен айттым менде бир эле вертолетум бар, а бул жерде жарадар болгон 200гө жакын адамдар бар экен, ошолорду Ошко ташыш керек, мага аскердик вертолетторду колдонууга уруксат бериңиз десем, "канча саатта вертолёт" жетет деп сурады, мен 2–2,5 саата десем, президент 3 сааттан кийин тосуп ал жана колдон келген бардык нерселерди аябастан адамдарга камкордукту көргүлө деп тапшырма берди. Ал убакта Ош - Эркечтам жолу бүтө элек болчу жана эгерде жарадар адамдарды машина менен 11-12 саатта Ошко ташысак көпчүлүгүн жоготуп алмакбыз. 3 сааттан кийин аскердик 3 учак келди. Ошондо ӨКМдин вертолету 3 рейс, ал эми аскердик учактар экиден рейс жасашты жана бардык жарадар болгон адамдарды Ошко ооруканага жеткирдикю ошондо да бир 15 жаштагы кызыбыз ооруканада көз жумду, убакыттан утулуп, үлгүрбөй калдым...",  - деди ал. 

Камчыбек Ташиев министр Замирбек Аскаровго ӨКМ бул өтө жооптуу, кооптуу жана жабыркаган адамдар үмүт менен күткөн, өмүр менен өлүмдүн, кайгы менен үмүттүн отун жандыра турган мамлекеттик кызмат экенин эскертти.

"Эгерде ушул милдеттерди түшүнсөңүз кечээки Лейлек, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы райондорундагы жабыркаган элге жеке министр катары барып элдин көңүлүн, духун көтөрүп, элге жардам бере албай калганыңыз үчүн жоопкерчиликке тартылышыңыз керек жана ыктыярдуу отставкага кетиниз. Ошондо адам катары өз абийриңизди сактап каласыз! Ал бул окуя кийинки келе турган министрге сабак болуш керек! Кайран мамлекеттик бийлик, кайран эл...", - деп өз кайрылуусун жыйынтыктады.

Ссылка: https://barometr.kg/kamchybek-tashiev-zamirbek-askarovdu-ishin-atkara-albaj-zhatkany-chn-otstavkaga-ketsn-talap-kyldy



Добавить комментарий