Камчыбек Ташиев Баткенге жөнөп кетти

30 апрель 2021 11:07 3214 Barometr
Бөлүшүү:
ok

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 30-апрелде Кыргызстанга учуп келди. Бул тууралуу  УКМКнын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Ташиев бүгүн, 30-апрелде Кыргызстанга учуп келери менен Баткенге жөнөп кеткен.

Эске сала кетсек, кыргы-тажик чек арасында чыккан жаңжал күчөп, эки өлкөнүн аскерлиринин ок атышуусуна алып келген.

Баткен эли ушундай кыйын кырдаалда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин окуя болгон жерге келишин талап кылышкан. Көп өтпөй, УКМК Ташиев ден соолугуна байланыштуу Германияга учуп кеткенин кабарлаган.

Ал ортодо, Ташиев соцтармактагы баракчасы аркылуу элге кайрылуу жолдоп, Германияга ооруканга бара жатканын айтып, бирок, өлкөдөгү кырдаалдан улам кайра айтка кайтканын билдирген.

Эске асала кетсек, Чек арадагы жаңжалдан 134 киши жаракат алып, 13 адам каза болду. Каза болгондордун арасында, 30 жаштагы аскер кызматкери жана 12 жаштагы өспүрүм кыз бар экени маалым болгон.  

Баткендеги чек ара чырынын чоо-жайы:

Эске сала кетсек, чыр-чатак 28-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен “Головной” тилкесинде чыккан. Анда, тажик тарап такталбаган аймакка видео көзөмөл орнотуп алгандан улам, кыргыз жарандары коңшу өлкөнүн чек ара кызматкерлеринен видео байкоону алып коюушун талап кылышкан. Бирок, бул окуя эки тараптын түшүнбөстүгүнө алып келип, ок атышуу, таш ыргытышууга чейин алып келген.

Ал эми, 29-апрель күнү 14:00дө Тажикстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин чек ара аскерлери жана атайын багыттагы аскерлери Баткен облусунун Көк-Таш айылы тарапка минометтерден, гранатометтордон, пулемёттордон массалык аткылоону баштаганы кабарланган.

29-апрелде чек арадагы кырдаалга байланыштуу Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Ошондой эле, Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө аймагы жабылган. 

Чек ара аймагындагы айылдардан жай тургундар коопсуз жакка көчүрүлгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/kamchybek-tashiev-batkenge-zhnp-ketti



Добавить комментарий