Ташиев: Германияга кеткем, бүгүн түнү жетип барам

29 апреля 2021 16:09 4075 Barometr
Поделиться в:
ok

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Германиядан кыргыз элине кайрылуу жолдоп, сабырдуулука чакырды. Бул тууралуу Ташиевдин соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Урматтуу Кыргыз элим!

Мен кечээ, 28-апрелде, эртең менен ден соолугумду каратуу учун Германияга учуп кеткен элем.

Бирок бүгүнкү Баткендеги окуяларга байланыштуу кайрадан артка учуп чыктым. Ооруканга  жетпей кайттым, буюруса түнү менен жетип барам.

Баарыңыздарга сабырдуулук тилеймин. Мекендин чеги өмүрдөн да кымбат, ынтымакта баарын женебиз!”, - деп жазды Ташиев.

Эске сала кетсек, кыргы-тажик чек арасында кырдаал курчуп, ок атышуу күчөп турган учурда Баткендин эли УКМКнын башчысы Ташиев окуя болгон жерге келбей жатканына нааразы болушкан. 

Учурда, 29-апрель саат 14:00го карата чек арада абал барган сайын курчуп, тажик тарап минометтер, гранатометтор, пулемёттор менен аткылоону баштаганын УКМК маалымдады. 

Ссылка: https://barometr.kg/tashiev-den-sooluguma-bajlanyshtuu-germaniyaga-ketkem-bgn-tn-zhetip-baram



Добавить комментарий