"Камчы Көлбаевге арналган майрамды" тасмага тарткан абактагы адам атайын изоляторго киргизилди

12 ноябрь 2020 09:14 998 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Соцтармакта ИК-47 мекемесинин соттолуучулары, мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевдин аталган мекемеге келишин майрамдап жатат делген видео желдей тараган. Интернет колдонуучулары мекеме Көлбаевдин келишин атайын дастаркон дайындап тозуп алышты деген билдирүүлөрдү калтырышкан. Бул тууралуу Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматы “Барометрге” окуянын чоо-жайын түшүндүрдү.

Кече, 11-ноябрда Социалдык тармактарда жана ЖМКларда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын No47 мекемесинде жазасын өтөп жаткан соттолгондор футбол талаасынын аймагында, мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевдин түрмөгө келишин майрамдап, түшкү тамакка чогулуп, ыр ырдап жаткан видео жарыяланды.

«Бул видеону жарыялоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, видео 2020-жылдын 5-ноябрь күнү тартылганы аныкталды.

Белгилей кетсек, мекеменин администрациясы ошол күнү пландалган иш-чара өткөргөн, тагыраагы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата футболдук мелдеш уюштурган.

 Ошондой эле, түшкү тамак убагында менюга ылайык, жупуну дасторкон жайылып, спорттук иш-чаранын жыйынтыгы чыгарылып, диний жөрөлгөлөр (Куран окуу) өткөрүлгөн.

Бул факт боюнча мекеменин ыкчам бөлүмүнүн кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүшкөн. Анын натыйжасында, 1996-жылы туулган А.Нга таандык уюлдук телефон табылып, тартып алынган. Соцтармактагы видео ушул телефонго тартылган. Ал 10-жылга эркинен ажыратылып, аталган мекемеде жазасын өтөп жаткан.

Ал эми, мыйзам бузган А.Н аттуу жаран 1 айлык мөөнөткө камера тибиндеги бөлмөгө жайгаштырылды.

Мындан тышкары, контрабандага жана уюлдук телефонду колдонууга жол берген күнөөлүү кызматкерлерге карата, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тиешелүү текшерүү жүргүзүшөт.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын N 47 түзөтүү мекемеси лагер тибиндеги мекеме экендигин белгилей кетүү керек ", - деп айтылат маалыматта.


Ссылка: https://barometr.kg/kamchy-klbaevge-arnalgan-majramdy-tasmaga-tartkan-abaktagy-adam-zhaza-t-zhajyna-kirgizildi



Добавить комментарий