Калпак кийгизилген манекенди тепкен россиялык блогер кечирим сурады
Россиялык футболчу жана блогер Даниил Крапивников ак калпак кийгизилип турган манекенди буту менен тепкенден кийин кыргызстандыктар социалдык тармактарда нааразылыктардын билдиришти. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.
Теле алып баруучу, коомдук ишмер Ассоль Молдокматова футболчудан жоругу үчүн кечирим сурашын талап кылды.
18 жаштагы футболчу Даниил Крапивников кечирим сураган постту Instagram баракчасына бөлүштү.
“Урматтуу Кыргызстандын жашоочулары. Мен чын жүрөгүмдөн өзүмдүн жаман жоругум үчүн кечирим сурайм. Мен муну сиздердин улуттук баш кийим экенин билбей жасадым. Бул мени актабасын түшүнөм. Мен кыргызстандыктарга чоң урмат менен мамиле кылам. Мындай нерсе экинчи кайталанбайт деп убада берем. Дагы бир ирет кечирим сурайм”,-деп жазды блогер.
Ссылка: https://barometr.kg/kalpak-kijgizilgen-manekendi-tepken-rossiyalyk-bloger-kechirim-surady
Добавить комментарий ×