Күндүзгү стационарлар бир суткада 74 миң 2 адамды кабыл алды

29 июль 2020 10:58 837 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мэриянын күндүзгү жана түнкү стационарлары пандемия учурунда шаардыктарга алгачкы медициналык жардам кѳрсѳтүүнү улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

"Ѳткѳн суткада күндүзгү стационарлар 1 миң 998 адамды кабыл алды. Анын ичинен 1 миң 320 адам дарыгердин кѳрсѳтмѳсү боюнча инфузиялык терапия, 663 адам медициналык кеңеш алып, 15 адам ооруканага жаткырылды. 27-июлдан 28-июлга караган түнү түнкү стационарларга 308 адам кайрылды", - деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 28-июлга карата күндүзгү стационарлар 74 миң 2 адамды кабыл алды. Биринчи май району (24.441 адам), Ленин району (20.389), Октябрь району (15.156), Свердлов району (14.016).

Түнкү стационарлар 6 миң 952 адамды кабыл алды.

"Бүгүнкү күндѳ стационарларда борбордун үй-бүлѳлүк медицина борборлорунун дарыгерлери, медайымдар, санитарлар, ординаторлор жана ыктыярчылар иштеп жатышат. Күндүзгү стационарларда 225 жана түнкү стационарларда 50 медицина кызматкери иштейт", - деп кошумчалашты мэриядан.

Медиктер пульмонолог, инфекционист жана клиникалык фармакологдор менен биргеликте коронавирус дарылоо алгоритми боюнча дайыма тренингдерден ѳтүүдѳ.

Стационарлар жарандарга жана дарыгерлерге коркунуч жаратпайт, имараттын ичинде санитардык талаптардын бардыгы сакталат. Үзгүлтүксүз дезинфекциялоо жүргүзүлүп, кол кап-маска режими киргизилген, оорулуу адамдар жана кызматкерлер кире бериште дезинфекцияланган туннелдерден өтүшөт, керебеттердин ортосундагы аралык эки метрди түзүп, коргоочу тосмолор орнотулган.




Ссылка: https://barometr.kg/kajsy-rajondogu-stacionarlarga-kajryluular-kp



Добавить комментарий