Кайрат Примбердиевге кайсы күйөрманы нааразы болду?

4 октябрь 2018 18:00 1880 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын көп жерден намысын коргоп келген белгилүү ырчы Кайрат Примбердиевге  ai_koum аттуу интернет колдонуучу ырчынын баракчасына иниси менен сүрөткө түшпөй койгондугун айтып, нааразы болду. Анын айтымында куйөрманы ырчыны туулган күнү болуп жаткан инисин куттуктап коюну, аны менен бирге сүрөткө түшүп коюну суранган. "Биз сизди сыйлап, иним кумир тутуп жүрчү. Ушундай мамиледен кийин көңүлүбүз калып калды. Артыңыздан чуркап барып, сүрөткө түшөм десе 1000 сом дедиңиз, "макул, сага 500 эле сомго"-дегенде чалкабыздан кетип кала жаздадык"-деп жазды. 

Мындай билдирүүнү окуган Кайрат Примбердиев жеке баракчасына жарыялап, "Кудайды карап калп айтсаң боло?, Кантип калп айтып жатасын?-деп таң калганын жашырбай күйөрмандары менен мындай жалааны тең бөлүштү. "Жалаа" дейбизби, же чын эле ушундай окуяга туш болгонбу, көпчүлүк интернет колдонуучулар Кайраттын жөнөкөй, өзгөрбөй өзүн жакшы алып жүргөнүн айтып чырылдап жиберишти. 

Ырчынын таламын талашкандар менен ырчыга доомат арткандар болуп эки жаатка бөлүнүп айтышып эле жатып калышты. 


Ссылка: https://barometr.kg/kajrat-primberdievge-kajsy-kjrmany-naarazy-boldu



Добавить комментарий