Кайрат Осмоналиев дипломатиялык наамынан ажыратылды

15 октябрь 2018 16:19 1804 Barometr
Бөлүшүү:
ok

БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиевге дипломатиялык наам мыйзамсыз берилген. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. 

Маалым болгондой, Осмоналиевге 2011-жылы 24-октябрда “2-класстагы кеңешчи” рангын берүү буйругун чыгаруу мыйзам бузуулар менен коштолгон.

Мындан улам ТИМдин Дипломатиялык академиясынын мурунку проректору Кайрат Осмоналиевден «экинчи класстагы кеңешчи» дипломатиялык наамын алып салуу тууралуу буйрук чыкты.

Президенттин 2007-жылдагы буйругу боюнча мамлкеттик кызматтардын реестринде проректор кызматы катталган эмес.

Буга чейин Кайрат Осмоналиев ТИМ менен соттошом деп билдирүү жасаган.

Белгилей кетсек, Кайрат Осмоналиев Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү.

Ссылка: https://barometr.kg/kajrat-osmonaliev-diplomatiyalyk-naamynan-azhyratyldy



Добавить комментарий