«Каинды-Кант» ачык акционердик коомуна айып пул салынды

24 июль 2021 17:34 453 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттик монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин кызматкерлери «Каинды-Кант» ачык акционердик коомуна айып пул салышты. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашканын  “Барометр” билдирет.

«Каинды-Кант» Кыргызстандагы эң ири кум шекер өндүрүүчү ишкана болуп саналат.

Ведомствонун кызматкерлери 2021-жылдын 4-майында кабыл алынган “Социалдык маанилүү товарлардын баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү тууралуу” өкмөттүн токтомунун аткарылышы боюнч аиштерди жүргүздү.

Айып пул маалымат берүүнүн иретинин бузулгандыгына байланыштуу салынган.

Ссылка: https://barometr.kg/kaindy-kant-achyk-akcionerdi-koomuna-ajyp-pul-salyndy



Добавить комментарий