Бишкекте эки мечитке айып пул салынды
Поделиться в:
Бишкекте бет кап режими жана келүүчүлөрдүн ортосундагы аралык сакталбагандыктан эки мечитке айып пул салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.
Аталган маалыматка таянсак, Свердлов районунда мобилдик топ кезектеги жолу райондун аймагында мечиттер менен чиркөөлөрдү текшерди.
Баардыгы болуп аталган аймакта 67 мечит жана 29 христиан мекемеси жайгашкан.
“Текшерүү маалында коронавирус инфекциясын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү”,-деп айтылат мэрия берген маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-eki-mechitke-ajyp-pul-salyndy
Добавить комментарий ×