Кайгуул кызматы эреже бузгандардан 5 айда 62 млн сом өндүрдү

16 июнь 2022 12:12 1259 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Милициянын кайгуул кызматы беш айда  63 миллион сомго жакын мамлекеттик бюджетке өндүргөн. Бул тууралуу кайгуул кызматынын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, кайгуул кызматкерлери тарабынан  беш  айдын ичинде жол эрежелерин бузуу фактылары үчүн 142 777  укук бузуулар жөнүндө протоколдор толтурулуп, 62мл. 074миң 790 сом мамлекеттик бюджетке өндүрүлгөн.

Алардын ичинен :

- Авто унаага тийиштүү документтери жок айдоо 907;

-Мас абалында авто унаа башкаруу 1320;

- Авто ээнбаштык 25;

-Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, күңүрттөп айдоо 373 ;

-Жасалма же жалган мамлекеттик номурлар менен авто унаа башкаруу 34;

-Коопсуз курун тагынбай авто унаа башкаруу 36 510;

-Токтоо эрежелерин бузуу. Тыю салынган жерлерде авто унааларды токтотуу 77 112;

- Жөө жүргүнчүлөрдүн жана велосипедчендердин жол эрежесин бузуусу 8151;

- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары 18 345;

- Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 10 436 авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Ссылка: https://barometr.kg/kajguul-kyzmaty-erezhe-buzgandardan-5-ajda-62-mln-som-ndrd



Добавить комментарий