Видео. Кадимки кинодогудай атышуу. Москвадагы кафеде Дагестандыкты атып кетишти
11-декабрда Москвадагы Ленин проспектисинде жайгашкан "Райская трапеза" кафесинде белгисиз чечен улутундагы адамдардын ортосунда атышуу болду. Бул тууралуу Орусиянын маалымат каржаттары жазды.
Окуя болгон жерден видеого тартылып калган. Анда көрүнүп тургандай, 7-8 эркек киши кафеде олтуруп, өз ара бир нерсени талкуулашкан. Андан кийин сүйлөшүүлөр тирешүүлөргө алып келгенин видеодон байкаса болот. Олтургандардын бирөөсү курал алып чыгып, атканга үлгүргөн. Өз ара атышуулар кафеден, кийин сырттан дагы уланган. Атышуудан бирөө катуу жаракат алып, 1981-жылы туулган Дагестандык Робинзон Гусейнов аттуу жаран каза болгонун Орусиянын укук коргоо органдары аныктаган. Анын денесине алты жолу ок тийгени маалым болгон.
Атышуудан бир адам жабыркап, сыртта турган унааларга дагы ок тийгени айтылууда. Укук коргоо органдары окуя болгон жерден 8 гильза жана эки тапанчанын огун табышкан. Ал эми кафенин тегерек четинен 19 гильза табылган.
Учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/kadimki-kinodogudaj-atyshuu-moskvadagy-kafede-dagestandykty-atyp-ketishti
Добавить комментарий ×