Дмитриевка айылында террористти кармоо учурунда атып өлтүрүлдү

17 май 2023 10:19 386 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чүй облусунун Дмитриевка айылында куралдуу террорист атып өлтүрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, ИИМдин жана УКМКнын атайын бөлүктөрү тарабынан куралдуу террорист жок кылынды

“Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында ИИМдин жана УКМКнын  атайын бөлүктөрүнүн кызматкерлери куралдуу террористти кармоо операциясын өткөрүштү. Аны кармоо учурунда террорист катуу куралдуу каршылык көрсөттү. 

Бирок, ИИМдин жана УКМКнын атайын багыттагы бөлүктөрүнүн кызматкерлери тарабынан куралдуу террорист жок кылынды. Окуя болгон жерде ИИМдин жана УКМКнын жетекчилери бар. Учурда тергөө ыкчам тобу иштеп жатат. Аталган операция боюнча кошумча маалымат берилет“, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/dmitrievka-ajylyndagy-atyshuu-kuralduu-terrorist-kch-organdaryna-karshylyk-krstkndktn-atyp-ltrld



Добавить комментарий