Баткен милициясы кооптуу аймактардан элдерди алып чыгууда

27 январь 2022 23:44 3905 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылындагы окуяга байланыштуу Баткен облусундагы ИИОнун өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте жеринде иш алып барууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматынын маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

Азыркы учурда абал курч бойдон.

Ал жерде кызмат өтөгөн ИИОнун кызматкерлери тарабынан абалды турукташтыруу, элдин коопсуздугун камсыздоо багытында аталган аймакта Баткен ОИИБнын начальниги Мурат Боронов тиешелүү кызматкерлери менен иш алып барууда.

Эске салсак, такталган маалыматтар боюнча Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана авто жолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып,  Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19.30 карата жол каттамы ачылган.

Бирок кайра эле саат 19.35 чамасында кырдаал курчуп тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде КР УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлигинде болууда.

Тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонууда.


Ссылка: https://barometr.kg/batken-miliciyasy-kooptuu-ajmaktardan-elderdi-alyp-chyguuda



Добавить комментарий