Кыргызстанда бир күндө эки ирет жер титиреди

28 февраль 2020 09:58 637 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 27-февраль күнү саат 10:23тө Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Кара-Өтөк, Лангар айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ал эми кечки саат 21:00дө дагы бир ирет жер титирөө катталып, күчү 3 баллга жеткен. Жер титирөө  Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук, Бел-Алды айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/kadamzhaj-rajonunun-kara-tk-langar-ajyldarynda-25-ballga-chejin-sezilgen-zher-titir-kattaldy



Добавить комментарий