Кыргызстанда бир күндө эки ирет жер титиреди
Поделиться в:
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 27-февраль күнү саат 10:23тө Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Кара-Өтөк, Лангар айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ал эми кечки саат 21:00дө дагы бир ирет жер титирөө катталып, күчү 3 баллга жеткен. Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук, Бел-Алды айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Добавить комментарий ×