Кадамжай районунда 47 жаштагы жаран сууга чөгүп кетти

9 июль 2018 20:00 1239 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баткен облусунун Кадамжай районунда 2018-жылдын 8-июль күнү саат 18:48де КР ӨКМнин №75 өрт-куткаруу бөлүмүнүн жана КР ӨКМнин №4 тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунун куткаруучулары Үч-Коргон айылындагы Золотой мост карьерине 1971-жылы туулган С. И.М. чөгүп кетти деген маалымат боюнча жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө барышкан. 

Маалымат 102 кызматынан түшкөн. Издөө иштерин жүргүзүлүп, саат 21:20да маркумдун жансыз денесин чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ссылка: https://barometr.kg/kadamzhaj-rajonunda-47-zhashtagy-zharan-suuga-chgp-ketti



Добавить комментарий