Каалаганды аткартыш үчүн адамды кантип гипнозго салса болот?

13 март 2019 11:41 6181 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Гипноз байыркы грек тилинен которгондо “уйку” деген маанини берет. Бул сөз кандайдыр бир мистикага жакындап кеткендей сезилет. Гипноз десе эле көбү гипноздоочу адам менен жалтырак шарикти, же алдап кеткен цыган аялдарды элестетишет.Чындыгында гипнозду күнүмдүк турмушта  баарыбыз эле колдонуп жүрө турганыбызды көпчүлүк аңдабайт. Мисалы соодагер сизге сатып алууну пландабай  турган товардын сатты, анын айтканына кантип макул болуп акчаңызды кармата бергениңизди билбей каласыз. Ал болгону сизди убактылуу ынандыруунун жөнөкөй ыкмаларын билет.

Гипноз-бул адамдын көңүлүн кескин түрдө бир фокуска чогултуп, ага катуу таасир берип коюу.

Ал эми башка адамдарга кандайча жол менен таасир бере аласыз?

Эң эле көп тараган гипноз ыкмасы бул “борбордук көз караш” ыкмасы. Бул үчүн маектештин эки кашынын ортосуна  үч секундадай тик кароо керек. Бирок ошол эле маалда сиздин маектеш менен сүйлөшүп жаткан айлана-чөйрө ишенимдүу тынч абалда болуу кажет. Адамды өзүнө сүйдүрүп алыш үчүн да ушул ыкманы колдонушат.

Гипноздун дагы бир түрү бул бир добушта жана акырын сүйлөй берүү, бул учурда маектештин мээси чарчай баштайт.Ушул маалда бир темадан экинчи темага кескин өтүп кетүү керек.Эмнени сүйлөп жатканыңыз маанилүү эмес. Бул ыкманын максаты-маектештин бей аң сезимине (подсознание) таасир берүү.

Үчүнчү ыкма адамдын кылган аракеттери менен үнүнүн добушунун ыргагына окшошуп кайталоо менен ага таасир берсеңиз болот.Ал үчүн экинчи тараптын кыймыл аракетин ага байкатпай кайталайсыз.

Айрым адамдар табиятынан эле ушундай жөндөмгө ээ болуп, башкаларды тез таасирленте алат. Айрымдар кесибине байланыштуу бул ыкмаларды өздөштүрөт.

Бирок бирөөгө гипноз ыкмасын салуунун эч ким билбеген бир сыры бар. Ал үчүн өзүңүздүн адамдык нраваңыз, моралыңыз жогору болуш керек жана салынган гипноз эки тараптын тактап айтканда сиз гана эмес маектешиңиздин да пайдасына гана иштеши керек. Ошондо гана ал натыйжасын берет. Башка учурда гипноздун таасири менен убактылуу алданып калган адам андан чыккандан кийин сизди өтө жаман көрүп, ал тургай өч болуп калышы, эгерде жакын адамыңыз болсо мамилелердин бузулушу толук мүмкүн.

Ссылка: https://barometr.kg/kaalagandy-atkartysh-chn-adamdy-kantip-gipnozgo-salsa-bolot



Добавить комментарий