Үйүн дезинфекциялап ийип кошуналары каза тапкан аялга сот өкүмү чыкты

26 июнь 2021 11:05 1662 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын Актау соту үйүн дезинфекциялоонун (курт-кумурскаларга каршы дары чачуу) натыйжасында тургундарды уулаган аялга өкүм чыгарды. Бул тууралуу аталган шаардык соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Аялга эки же андан ашык адамдын өлүмүнө алып келген санитардык эрежелерди бузуу беренеси боюнча айып тагылды.

Айыпталуучу ушул жылдын февраль айында адам өмүрүнө жана ден соолугуна кооптуулугу жагынан I класстагы, тыюу салынган "Квикфос" препаратын колдонгон.

Ал бул тууралуу коңшуларына эскертүү берген эмес, натыйжасында уулуу газ коңшулаш квартираларды каптап, жакын жайгашкан батирде жашаган 10 айлык ымыркай менен анын энеси дароо каза тапкан. Андан тышкары бир нече тургундар ууланып бейтапканаларга жаткырылган.

Аял 7 жылга эркинен ажыратылды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/jn-dezinsekciyalap-ijip-koshunalary-kaza-tapkan-ayalga-sot-km-chykty



Добавить комментарий